Бүгүн, 15-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү жайында убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө саат 18:00дөн 20:00гө чейин уланат.
"Техникалык иштерге байланыштуу мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат", - деп билдирди мекеме.