"Апамдын каттамасы" Чолок айылына көчүрүлөрү айтылды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков "Апамдын каттамасы" коомдук тамактануу жайын көчүрүү мөөнөтү күзгө чейин узартылганын билдирди.

"Өткөн жыйындардын биринде "Апамдын каттамасы" боюнча маселе көтөрдүк эле. Ошол жерде адамдар нан таап, тиричилик кылып жатышат. Сиздер мартка чейин көчүп кеткиле деген экенсиздер, бирок күзгө чейин убакыт бергиле деп сурандык эле. Ошону аткарыптырсыздар, чоң рахмат, бул айкөлдүк", - деди эл өкүлү.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев "Апамдын каттамасын" көчүрүү темир жолуна байланыштуу экенин айтып, Чолок айылынан жер берилерин кошумчалады.

"Анын түбүнөн темир жол өтөт. Ошондуктан Чолок айылынын кире бериш жагынан жер берилип жатат. Эгер макул болушса экинчи вариант дагы каралып жатат. Бул айланма жолдун жанынан жер бөлүп берүү. Бул боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп жатабыз. Ал жерде сатуучуларга шарттар түзүлөт", - деди Бариев.

Жогорку Кеңеш 15.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан