Нарында көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Нарын шаарында көп кабаттуу ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, курула турган үйдүн наркы 747 миллион сомду түзүп, "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан каржыланат. Ал 9 кабаттуу, төрт блоктон турган 216 батирлүү үй болору кошумчаланды.
"Садыр Жапаров былтыр март айында Нарын шаарына болгон иш сапарында шаар тургундарына ипотекалык үй куруу чечимин чыгарып, ошол эле күнү тапшырмаларды берген. Анын негизинде шаардын РТС аймагынан жер аянты бөлүнүп, турак жайдын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо жумуштары башталган. Облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун көзөмөлү менен документтери толук бүткөрүлүп, суу, электр энергиясы тартылып, учурда курулуштун пайдубалын даярдоо жумуштары жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле фонддун байкоочу кеңешинин отурумунда курулуштун алгачкы 10 пайыз каражаты Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулуп берилгени айтылды.
"Турак үйдүн курулушу эки жылдын ичинде толугу менен аяктап, батирлер электрондук кезекте турган шаар тургундарына тапшырылат. Жарандар батирдин акчасын 25 жыл бөлүп төлөйт", — деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми турак үйдүн 72 батири 1 бөлмөлүү, 72 батири 2 бөлмөлүү жана 72 батири 3 бөлмөлүү болору айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан