Бишкекте жашыл аймактарды сугаруу иштери башталды  

“Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы шаардын жашыл аймактарын сугаруу үчүн сууну магистралдык каналдарды бойлой бөлүштүрүүнү баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, ишкананын кызматкерлери Тынчтык, Ч.Айтматов, Манас проспектилери жана Тыналиев көчөсүндөгү жашыл аянтчаларды сугарышты.

Ошондой эле “Ынтымак-1” жана “Ынтымак-2” сейил бактарында, Ататүрк сейил багында жана Дайыр Асанова атындагы Жеңиш паркында сугат иштери улантылды.

Ага ылайык, быйыл "Бишкекжашылкурулуш" ишканасы Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен 46 миллион 734 миң куб метр суу берүү боюнча келишим түзгөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылы сугат суусун берүү боюнча келишим 43 миллион кубометрге түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан