9-майда Бишкекте Жеңиш парады өтөбү? Министрлик жооп берди

Жеңиш күнүндө "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Анын ордуна Бишкектин "Жеңиш" аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

Митинг-реквием Бишкек гарнизондук бөлүктөрүнүн өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктайт. Ошондой эле “Өлбөс полк” эл аралык акциясын өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн бардык аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде ачык эшиктер күндөрү, республиканын жалпы билим берүү мектептеринде Жеңиш майрамынын урматына салттуу эрдик сабактары өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан