Төө-Ашууда кар жаап жатат. Жолду тазалоо иштери жүрүүдө

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Жолчулар тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде, Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таштар түшүп, жол бир тараптуу жабык. Жеринде тиешелүү техникалар иштеп жатат.

Ага ылайык, Базар-Коргон-Арстанбап жана Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунда сел жүрүп, тазалоо, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына керектүү шаймандарды алып жүрүү менен каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан