Өлкөдө "Алтын тамга" жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 14-майда өткөрүлөт. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билдирмеге ылайык, “Алтын тамга” тести талапкерлердин окуган тилинде (кыргыз, орус, өзбек тилинде) төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:
эне-тили жана адабияты (45 мүнөт);
математика (70 мүнөт);
кыргызстандын тарыхы (45 мүнөт);
химия (60 мүнөт).
Аталган сынакка жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү катыша алат.
“Алтын тамга” тестин өткөрүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- артыкчылыгы менен орто жалпы билими жөнүндө документти алууга талапкердин билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоону жүргүзүү;
- Кыргызстанда мектептик билим берүүнү, мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.