ОшМУнун клиникасында боор алмаштыруу операциясын жасоо пландалууда

Ош мамлекеттик университетинин клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 15-апрелде, ОшМУга болгон сапары учурунда айтты.

Айтымында, аталган операция Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.

"Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркиянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса, ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт", - деген министр Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан