Борбордо жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жылды

Кечээ, 15-апрелде, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, оор жана ири өлчөмдөгү автотранспортторду иштеткен курулуш компаниялардын, бизнес-ассоциациялардын, жеке жана юридикалык жактардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул боюнча мэрия маалымдады.

Анда шаар башчысы аталган чектөөлөр жол катмарынын бузулушун алдын алуу, болтурбоо, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо максатында киргизилгенин түшүндүрдү.

"Ошондой эле жүк ташуучу унаалардын ээлеринин жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү боюнча өтүнүчтөрү да эске алынганы айтылды. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-мартындагы №89-р тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.

Буйрукка ылайык, абанын күндүзгү температурасы 28ºС болгон учурда Бишкек шаарынын муниципалдык жолдорунда максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө 2024-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин киргизилет" деп билдиришти мэриядан.

Эске салсак, 5-апрелден тарта Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилген болчу.

Убактылуу чектөө механизми төмөнкү жүк ташуучу унааларга тиешелүү эмес:

– гуманитардык жардам жана азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жүк;
– Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өтүүдө транспорт жана жол тармагы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксаттын негизинде ири өлчөмдөгү жана атайын жүктөр;
– автомобиль жолдорун оңдоого, курууга, мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү чечүүгө арналган объекттерди курууга жүктөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан