Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу берилбейт 

17-18-апрелде Жал кичи районунда жана Арча-Бешик конушунда таза суу убактылуу берилбейт. Мэриядан мындай чара магистралдык суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу киргизилгенин маалымдады.

Ага ылайык, өчүрүү 17-апрелге саат 08:00гө белгиленген.

Бул иштердин алкагында суу түтүгүнүн 11 тилкесинде бураматээктер алмаштырылат. Капиталдык оңдоонун максаты - келечекте жашоочуларды жана ишканаларды натыйжалуу суу менен камсыздоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, калктын ыңгайлуулугу үчүн эл көп чогулган жайларга убактылуу таза суу жеткирүү жана биодааратканаларды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды суу камдап алууларын өтүнөт.

Маалымат үчүн: Биодааратканалар жана ичүүчү суу менен камсыздоо пункттары орнотулган жерлер жөнүндө маалымат төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан