Аралыгы 9 мүнөткө чейин. Борбор калаада жаңы автобус каттамы ачылат

Бишкек шаарында бүгүн, 16-апрелден тарта №23 жаңы автобус каттамы ачылат. Бул жөнүндө калаа бийлиги маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, жаңы автобус линиясынын каттамы айланма жолдон – "Бишкекавтобекети" муниципалдык ишканасынан башталат, ал чыгыш багытта Киргизская көчөсүнө чейин барат.

"Автобус каттамы Саадаев көчөсүнө чейин барат. Ал жерден Тоголок Молдо көчөсүнө чыгат. Тоголок Молдо көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин барып, Тынчтык проспектисине чыгат. Андан ары автобус Токтогул көчөсү менен Асаналиев көчөсүнө чейин, ал жерден Лев Толстой көчөсүнө чыгат. Лев Толстой көчөсү боюнча автобус Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин барып, Гагарин көчөсүнө чейин жетет. Кырк-Кыз көчөсү менен түштүк тарапты көздөй Ахунбаев көчөсүнө чейин барат. Муромский көчөсүнө чейин жетип, № 23 автобус Жал айылына чейин каттайт", - деп түшүндүрдү мэриядан.

Белгилей кетсек, жалпысынан 25 автобус каттайт. "А" чекитинен "Б" чекитине чейинки аралык 56 чакырымды түзөт. Автобустардын ортосундагы аралык 7 мүнөттөн 9 мүнөткө чейин болот.

Мындан тышкары шаардыктар коомдук транспорттун кыймылын "Менин шаарым"мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөй алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан