Соттук-медициналык эксперттер кандай жумуштарды аткарышат? Борбордун башчысы Сүйүн Касымов менен маек

Соттук-медициналык экспертиза өлүмдүн себептерин аныктап, кылмышкердин изине түшүүгө жардам берет. SUPER.KG порталы бул жолу Соттук-медициналык экспертиза борборунун башчысы Сүйүн Касымов менен маектешти.

- Судмедэксперт патологоанатомдон эмнеси менен айырмаланат?

- Соттук-медициналык эксперттин жасаган жумушунун патологоанатомдордон айырмасы: Сотмедэксперттер укук коргоо органдарынын токтомунун негизинде иш алып барат. Сот иликтөө органдарынын койгон суроолоруна жооп берет. Патологоанатомдордун жасаган жумушу: ооруканада каза болгон адамдардын сөөгү менен иш алып барышат. Ал жерде башкы дарыгерлердин көзөмөлүндө иш жүрөт. Алар да өлүмдөрдүн себебин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүшөт. Бирок токтомдун негизинде жүргүзүшпөйт.

- Сиздердин жумушуңуздар зыяндуу жана коркунучтуу деп эсептелеби?

- Ооба, биздин жумуш зыяндуу. Себеби биз ар кандай реактивдер менен, ар кандай жаман жыттарды жыттоо менен иш алып барабыз. Андан сырткары психологиялык дагы зыяндар бар. Морг деген сөз кулакка жакшы угулбайт. Биз үчүн андай деле коркунчтуу эмес. Анткени тандаган кесибибиз, көнүп деле калдык. Сырттан келген адамдар үчүн коркунуч жаралышы мүмкүн. Негизи жумушубуз оор. Зыяндуулугу үчүн өкмөт тарабынан сут бөлүнүп берилет.

- Соттук-медициналык экспертиза тармагында кадрлар жетишсизби?

- Кадр маселеси боюнча карасак, чынында оор. Азыркы мезгилде чет жактагы райондордо, облустарда эксперттер жетишпейт. Биздин жумуштун оордугуна, жоопкерчилигине байланыштуу жаш кадрлардын келиши оор маселе болуп жатат. Хирург, стоматолог, гинеколог деген специалисттерди көп тандашат. Ал эми экспертизага келип иштейм дегендер аз.

- Бир күндүк жумушуңуз кандай өтөт?

- Биздин жумуш график боюнча башталбайт. Себеби бизде ар кандай жагдайлар болуп калат. Соттор, прокуратура, ИИМ чакырып калышы мүмкүн. Негизги биздин жумуш жогорку айткан органдар менен тыгыз байланышта.

Мен жумушумду эң алгач тазалыктан баштайм. Бөлүмдөрдү текшерип чыгам. Калганы план боюнча жүрө берет. Арызданып көп келишет, аларды кабыл алам. Кагаз иштерине кол коём.

- Сиздер кылмыш болгон жерге милиция кызматкерлери менен бирге барасыздарбы?

- Борбордо график менен нөөмөткө турушат. Нөөмөттөгү эксперт ыкчам группа менен чогуу күнү-түнү бизге тиешелүү чалуу болсо, сөзсүз түрдө барат. Өздөрүнүн милдетин так, жоопкерчилик менен аткарат. Өтө оор кылмыштар болсо мен өзүм жетекчи катары барып катышам же болбосо менин экспертиза боюнча жардамчым барат.

- Сиздин практикаңызда соттук-медициналык экспертиза адамдын күнөөсүн жоюуга жардам берген учурлар болду беле?

- Содмедэкспертизанын негизги максаты: анык, айкын,ачык кортунду чыгарып берүү. Кандай гана изилдөө болбосун, эксперттин астына коюлган суроолорго кынтыксыз жооп берүү. Күнөөнү жоюу же коюу ал сот өндүрүшүнө байланыштуу. Бизде андай полномочия жок.

- Статистика боюнча өлүмдүн негизги себептери кайсылар?

- Эми ачык айтканда, өлүмдүн түрлөрү көп. Адам баласы оорудан, кокустуктан, киши колдуу болуп өлгөндөр жана өзүнө өзү кол салуулар болот. Айта берсек аябай түрлөрү көп. Бирок учурда жүрөк кан тамыр оорусунан, онкология оорусунан өлгөндөр көп кездешип жатат.

- Практикаңыздагы эң таң калтырган учурлар кайсылар?

- Эми ачык айтканда биздин жумушта сүйүнтө турган деле учурлар жок. Аны өзүңүздөр жакшы билесиздер. Биздин жумушка жарандар ар кандай көйгөйлөр менен келишет. Таң калтырганы - жүрөк кан тамыр ооруларынын жашарганы, инсульт, инфаркт оорулары, ал эми онкология оорусу 30-40 жашка чейинки адамдарда кездешип жаткандыгы.

- Көп учурда сиздерге кимдер кайрылышат?

Бизге адамдар ар кандай көйгөйлөр менен кайрылышат. Көбүнчө зордук-зомбулукка кабылган жарандар кайрылат. Мындан тышкары каза болгон адамдардын туугандары сөөктү алыш үчүн өлгөндүгү тууралуу справка алыш үчүн кайрылышат. Атасын аныктоо үчүн да кайрылгандар көп келишет.

Белгилей кетсек, Сүйүн Касымов бул кызматта 25 жылдан бери иштейт. Ал эми Соттук-медициналык экспертиза борборун 2022-жылдан бери жетектейт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан