Бишкекте акыр-чикир ыргыткандарга 260 миң сом айып пул салынды

Бишкекте көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузгандарга 260 миң сомго айып пул салынды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, муниципалдык инспекция таштандыларды туура эмес жерлерге чыгаргандарга көзөмөлдү күчөтүүдө. Күн сайын рейддик иш-чаралар өтүп, чарба субъектилеринин санитардык тазалыгы дыкат текшерилип, алардын ээсине жана ижарачысына аймагына таштандыларды чыгарууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып пул салынууда.

"Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Эскерте кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, ар бир адам менчигинин түрүнө карабастан күн сайын өз аймагынын тазалыгын камсыздоого тийиш", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан