Бонецкий лабораторияларын камтыган "Интелмед" ЖЧКсына 423 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган лаборатория өзгөчө кырдаал убагында (Covid-19 пандемиясы) коронавирустук инфекцияны ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына жогорку бааларды койгону аныкталган.