Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктар май айында канча күн эс ала турганын кабарлады.
Маалыматка караганда, Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айындагы расмий эс алуу күндөр:
1-май - Эмгек майрамы;
5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн;
9-май - Жеңиш күнү.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.
Ал эми 2-майдын ордуна 6-май жана 3-майдын ордуна 11-май иш күнү деп эсептелинет.
Ошондой эле, 9-май майрам күн болуп саналат. Ал эми, алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.