Бишкекте жумуш учурунда спирт ичимдигин ичкен "Бишкекасфальтсервис" мекемесинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, коомдук тартипти бузган мекеменин 5 кызматкери кармалып, тийиштүү чаралар көрүлгөн. Жолдун ортосуна заара ушаткан М.М. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде айып тагылып, 3 суткага камакка алынган.
Социалдык тармактарга жол оңдоо ишинде кызматкерлер мас абалында жүргөн видео менен президенттин кеңешчиси Болот Ибраимов бөлүшкөн болчу.