Эртең,17-апрелге караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Маалыматка караганда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүйдүн айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен региондорунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көлдө 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17… +22,
Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +11…+16,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз + 11…+16.
Ал эми Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз, +18…+20 градуска жылуу болот.