Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйыныда депутат Шаирбек Ташиев "акылдуу" эсептегичтердин лимиттик чегин көтөрүү керектигин айтты.
Ал азыркы учурдагы 5 кВт айыл жерлерине жетпей жатканын айтып, Энергетика министрлигинен маселени эске алууну суранды.
"Азыр бардык жерге "акылдуу" эсептегичтерди коюп жатасыңар. Анда 5 кВт чектен жогору болбойт экен. Бул өзгөчө айыл жергесине билинип жатат. Анткени бир убакта муздаткыч, кир жуугуч, электрондук чайниктерди сайганда эле 5 кВт чек бүтүп калат экен. Анан ар бир жаңы кошулуу 30 сомдон турат. Лимитти 7 кВт чейин көтөрүшүбүз керек", - деди Ташиев.