"Менин ишим ачык-айкын". Башкы прокурор депутат Атазовдун айткандарына жооп берди 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Шайлообек Атазов аны кандайдыр бир буюртманын негизинде каралап кеткенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Зулушев эл өкүлү парламенттен сүйлөп, андан соң өлкөдөн чыгып кеткенин, ошондуктан анын айткандарын тактай албагандыгын белгиледи.

"Атазов өз сөзүндө "прокуратура тарабынан 900дөн ашык адамга мыйзамсыз иш козголду" деп жатат. Биз бул фактыларды кайдан алганын такташыбыз керек. Өзүнө мен тараптан "куугунтуктоо болуп жатат" деген сөзүн да түшүндүргөн жок. Ал иштерге прокуратуранын тиешеси жок. Сот аркылуу чечилип жатканын билесиздер. Кандайдыр бир буюртма аткаруу максатында каралап кетти окшойт. Жакшылап уксаңыздар менин фамилиям аталганы менен маанисинде башка эле нерселерди айткан", - деди Зулушев.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө эч ким кол тийбес экендигин кошумчалады.

"Менин ишим ачык-айкын. Мен өз жакындарыма кылмыш иши козголсо да эч качан тарткан эмесмин. Буга ушул жерде отурган укук коргоо органдары да күбө. Президенттин, Камчыбек Ташиевдин, менин туугандарыма карата козголгон кылмыш иштерине бир дагы кийлигишүү жок. Бул өлкө башчысынын талабы. Президент эч ким кол тийгис экенин жана бардык адам мыйзам алдында бирдей жооп берерин айткан", - деди башкы прокурор.

Эске салсак, парламенттин 13-марттагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов башкы прокурор Курманкул Зулушевди сынга алып, анын отставкасын талап кылган.

Эл өкүлү өз сөзүндө мандатынан ажырашына башкы прокурордун кызыкчылыгы болгонун белгилеген.

Жогорку Кеңеш 16.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан