Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 9-майга карата жөлөк пул берилет

9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына 20 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жолку жөлөкпул 637 адамга берилет. Ал үчүн бюджеттен 9 миллион 934,5 миң сом каралган.

Бөлүнгөн каражаттар төмөнкүлөргө берилет:

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары — 20 миң 600 сом (5 адам);

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары — 20 миң 400 сом (23 адам);

Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары — 20 400 сом (8 адам);

"За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйлангандар — 20 миң 400 сом (11 адам);

Улуу Ата Мекендик согушта фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелери жана экинчи никеге турбаган жесирлери — 15 миң 200 сом (1 адам);

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар — 15 миң 100 сом (589 адам).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан