15-16-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен улам Базар-Коргон районунда жайгашкан Жаңы-Акман каналындагы ички чарбалык көпүрөгө кооптуулук жаралган, жерине 1 оор техника тартылып, калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, Базар-Коргон Арстанбап авто жолунун 18-36-чакырымдарына сел суулар түшүп, унаалар өтүүсүнө тоскоолдук жараткан.
"Жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы жана жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары тартылып калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Жалал-Абад
облусунун аймагында кырдаал туруктуу. Сел суулар кирген турак жайлардын короолорун тазалоо жумуштары аяктап, тактоо иштери улантылууда.