Балыкчыга шамал электр станциясы курулары маалымдалды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат. Бул тууралуу "Росатом" компаниясынын өлкөдөгү кеңсесинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 100 мегаваттык станцияны куруу долбоору "Росатом" компаниясы тарабынан ишке кирген. Быйыл февралда компания эксперименталдуу түрдө шамалдын кубаттуулугун текшерүүчү жабдуу орноткон. Кубаттуулукту ченөө иштери толук бир жылга уланат. Станцияны куруу иштери кийинки жылы башталмакчы.
Станциянын инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артём Новиков жана "НоваВинд" ("Росатомдун" шамал энергетикалык дивизиону) компаниясынын башчысы Григорий Назаров былтыр октябрда кол койгону кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан