Аткезчилик жол менен алып келинген 30 миң жумуртка жок кылынды

Баткенде аткезчилик жол менен алынып келген 30 миң даана жумуртка жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Кадамжай районунун Анкур-Сай аймагынан тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан 30 миң даана жумуртка жүктөгөн Мерседес-Бенц унаасы кармалган. Жумурткага ветеринардык көзөмөл жүргүзүлгөн учурда тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жана маркировкасы жок экендиги аныкталган.

"Аталган жүк өлкөнүн "Ветеринария жөнүндө" мыйзамын жана Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын бузгандыгы үчүн Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Исхак-Полотхан айыл аймагында жок кылынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан