Таласта Чоң-Капка постундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда 

Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка постунун айланасы иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, Чоң-Капка постуна жакын жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектилер, жолго чыгып кеткен тосмолор буздурулуп, чек ара постунун айланасы тазаланууда.

"Мамлекеттик курулуш агенттигине жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо, жол боюндагы тейлөө объекттерин курууга долбоордук документтерди макулдашуу жана берүү жол-жобосун контролдоо иштерин күчөтүү боюнча тапшрымалар берилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан