"Бешөө өз өмүрүнө кол салган". Былтыр абактарда 33 жаран каза болгон

Былтыр абактарда 33 киши каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелдеги парламент жыйынында Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.

"Ар кандай оорулардан улам каза болушту, ага жүрөк, онкология, боор оруулары кирет. Бирок өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөнү көрүнүп турат. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги менен иштешип жатабыз. Былтыр 300дөй соттолуучуну саламаттыкты сактоо мекемелерине жаткызып, дарылаттык", - деди ал.

Ошондой эле ал каза болгондордун ичинен 5 киши суицидге барганын кошумчалады.

Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев абактагы суицидге байланыштуу окуялар текшерилип, укуктук баа берилгенин айтып, быйыл жыл башынан бери 12 адам каза болгонун билдирди.

Жогорку Кеңеш 17.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан