Өлкөнүнү тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-апрелден 18-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Алар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
- 222-250-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
- Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
- Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.
Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.