Кочкордо кыска мөөнөттү 10 бала бакча ачылды

Билим берүү жана илим министрлиги Кочкор районунда кыска мөөнөттү 10 бала бакча ачылганын билдирди. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылыш аземи кечээ, 16-апрелде болду.
Кабарлангандай, Нарын облусунда кыска мөөнөттүү дагы 69 бакча түзүлөт.
Аталган иштер Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Нарын облусу боюнча түзүлө турган бакчалардын район боюнча бөлүштүрүлүшү:
• Жумгал району – 10;
• Кочкор району – 20;
• Нарын району – 24;
• Ат-Башы району – 18;
• Ак-Талаа району – 6;
• Нарын шаары – 1.
Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакча 3 сааттык программаны сунуштайт, мамлекеттик стандарттарга ылайык балдарды өнүктүрүүгө көңүл бурат. Болгону уктоо жана тамак берүү каралган эмес.
Мындай формат экономикалык жактан үнөмдүү жана эки нөөмөттө мектепке чейинки өнүктүрүү программалары менен камтылган сабактарды уюштуруунун эсебинен балдардын санын эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Буга чейин мындай бала бакча Чүйдө ачылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан