"Эң оор жаза алат". Башкы прокурор Кара-Сууда 5 жашар кыз зордукталган окуя боюнча үн катты

Бүгүн, 17-апрелдеги парламенттин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Кара-Сууда 5 жашар кыздын зордукталышы боюнча козголгон кылмыш иши жеке көзөмөлүндө экенин айтты.

"Бүгүнкү күндө "Адам уурдоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү адам бүгүн камакта. Ар бир жашы жете электерге жасалган зомбулуктар менин көзөмөлүмдө. Булардын статьядагы санкциясы дагы эң оор. Күнөөсү далилденсе эң оор жаза алат", - деди Зулушев.

Эске салсак, 15-апрелде Кара-Суу районунда 5 жашар кыз зордукталганы белгилүү болуп, шектүү кармалган. Милиция бул боюнча маалымат берип, шектүүгө 2 берене боюнча айып тагылганын кабарлаган.

Жогорку Кеңеш 17.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан