"Күн жылыйт". 18-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде гана жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19… +24,

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +12…+17,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз + 13…+18.

Ал эми Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +22…+24 градус жылуу болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан