"Мыйзам жол берсе жоопко тартабыз". Башкы прокурор "Ататүрк" паркындагы курулуштар боюнча оюн айтты

Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Бишкектеги "Ататүрк" сейил багындагы жерлерди кайтаруу боюнча ишти аягына чыгаруу керектигин белгиледи.

"Бул окуя ар бир жаранга сейил бак зоналарынан жер сатып алуудан качууга сабак болушу керек. Ар бир жаран 50-100 жылдан кийин сейил бактарды калыбына келтирип, мамлекет мыйзамдуулукту орното турганын түшүнүшү керек", - деди ал.

Эл өкүлү Ырысбек Атажанов ошол жерлерди мыйзамсыз берген мэрлердин эсебинен парктагы жерлердин ээсине кенемте берүү менен маселесин чечүү керектигин айтты.
Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзам жол берсе келтирилген чыгымдар өндүрүлөрүн билдирди.
"Мэр өзүнүн оюн айтты. Бирок мунун баары мыйзам чегинде чечилет. Андан бери 30 жылдай убакыт өтүп кетти. Мыйзамда мөөнөт деген бар. Эгер мөөнөтү өтпөсө, убагы болсо жоопко тартабыз. Чыгымдарды да өндүрөбүз, бирок мыйзам жол берсе гана. Мыйзам деген мыйзам", - деди Зулушев.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Ататүрк" сейил багында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жерди кайтаруу боюнча токтомго кол койгон.
Калаа башчысы парктагы мыйзамсыз курулган үйлөр буздурулушу мүмкүн экенин айткан.
Жогорку Кеңеш 17.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан