"Тыйындарды көрүнгөн жерге таштап коюшат". Балдар дарыгеринин ата-энелерге берген кеңештери

Бишкектеги №3 шаардык медициналык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын хирург-дарыгери Калыбек Мыкыев SUPER.KG порталына маек берип жатып, ата-энелерге кеп-кеңештерин айтып өттү.

Дарыгер чоңдордун тыйындарды үйдүн ичинде көрүнгөн жерге таштап койгондорун сынга алып, химиялык каражаттарды балдардан алыс коюуга үндөдү.

"Балдар хирургиясында тез өрчүп кетчү курч оорулар, өмүргө коркунуч туудурган акыбалдар болот. Мисалы, кичинекей балдар бир нерсени жерден таап алып оозуна сала берет, өзгөчө жөрмөлөгөн кезде, же оозуна бир нерсе чайнаган жаман адаты болсо. Оозуна салган соң какап кетет, өпкөсүнө же кызыл өңгөчүнө кетип калат. Өпкөгө кетип калганы өтө кооптуу, дем алганы токтоп калышы мүмкүн. Ата-энелер балдарын жакшы көзөмөлдөшү зарыл. Акыркы учурда Фейсбукка дагы ручканын башын оозуна салып алып, байкабай жутуп алып өпкөсүнө кетип калган учурлар боюнча жазып жатам.

Эң кооптуу - бул биз колдонгон батарейкалар. Мына 10 жыл мурун эле биздин бир шаардан 10 айлык баланы алып келишкен. Жаш балдардын тиштери бычактан да курч болот да. Апасы ойноп жат деп баласына батарейкаларды карматып коюп ашканага кетет. Бала батарейканы оозуна салат. Тиштеген соң жарылып кетет. Батарейка кызыл өңгөчкө кирип, ал жарылып калган. Аны дарылаш бизге аябай оорчулукка турду. Кийин Москвага жөнөткөнбүз, ал жактан операция болуп келди. Кызыл өңгөчтү ичегиден жасашты. Бул 10 жыл мурун болгон кокустук. Ушундайлардан абайлоо керек.

Чоңдор тыйындарды үйгө, көрүнгөн жерге таштап коюшат. Бул дагы туура эмес. Шаар четинде жер үйлөрдө жашагандар чычкан, келемиштен арылуу үчүн базардан дары-дармектерди алып келип балдар жете турган жерлерге, терезелерге коюп койгон учурлар болот. Электр буюмдарын колдонууда эрежелерди сактап, идиш-аяк жууган ар кандай химиялык каражаттарды балдардан алыс коюш керек", - деди дарыгер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан