Бүгүн, 18-апрелге караган түнү Кыргызстанда TikTok социалдык тармагы бөгөттөлдү.
Саат 00:00дөн баштап айрым абоненттерде аталган социалдык тармак иштебей калды.
2023-жылдын август айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүп, TikTok платформасын колдонууда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жатканын аныктаган.
Буга байланыштуу аталган платформанын ишин токтотуу тууралуу чечим Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөн.