Жергиликтүү бийлик органдарына селдин алдын алуу сунуштары берилди

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин жооптуу өкүлдөрү Алай районунун сел жана суу ташкындары болуучу кооптуу аймактарына изилдөө иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде ӨКМден билдиришти.

Ага ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө адистер сел жана суу ташкындарына көбүрөөк дуушар болгон Коммунизм айылындагы Каргаш, Ак-Терек сыяктуу аймактар, Корул жана Жошолоң айыл аймактары изилденди.

Кооптуу аймактарда турак жайлар жана айылдын инфраструктурасы жайгашкан.

"Натыйжада сел жана суу ташкындарынын алдын алуу үчүн ӨКМ тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эскертме каттар жана сунуштар менен тапшырмаларды камтыган корутундулар берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан