“Акылман” президенттик лицейине 2024-2025-окуу жылына карата балдарды каттоо 20-апрелде башталат. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Сынак 6-класстын окуучуларынын арасында болот, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, атасы же энеси жок, томолой жетим балдарга артыкчылык берилет.
Тандоо лицейдин администрациясы тарабынан төмөнкү графикке ылайык өткөзүлөт:
2024-жылдын 20-апрелинен 30-апрелине чейин каттоо жүрөт.
Белгилей кетсек, “Акылман” лицейин каржылоо толугу менен өлкө башчынын фондунун эсебинен жүргүзүлөт.