Садык Шер-Нияз “Sanofi” фармацевтикалык компаниясынын өкүлү менен жолукту

Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз “Sanofi” фармацевтикалык компаниясынын глобалдык ден соолук бөлүмүнүн башчысы Жон Файрест менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Жолугушууда тараптар фармацевтика тармагында кызматташуунун келечеги, инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышышкан.

Элчи Садык Шер-Нияз «Sanofi» компаниясынын өкүлдөрүнө Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен фармацевттердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу багытында окутуу боюнча биргелешкен долбоорду каржылаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун аягында Жон Файрест элчи Садык Шер-Нияздын 2024-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанга иш сапары менен келүү чакырыгын кабыл алды.

Маалымат үчүн: «Sanofi» эл аралык француз фармацевтикалык компаниясы. Бул дүйнөдөгү алдыңкы фармацевтикалык корпорациялардын бири. Sanofi дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөдө иштейт. Компаниянын башкы кеңсеси Парижде жайгашкан. Forbes Global`дын 2021-жылдагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын тизмесинде «Sanofi» 72-орунду ээлеген. Активдери 120 миллиард евро, кызматкерлердин саны 99 412.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан