ИИМ депутат Айдарованы негизсиз сындоодон алыс болууга чакырды

Ички иштер министрлиги бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарованын министр Улан Ниязбековдун дарегине айткан сынына жооп берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта эл өкүлүнүн "негизсиз сындоодон алыс болуусу керектиги" белгиленген.

"Улан Ниязбеков жетекчилик кызматка дайындалгандан бери Ички иштер министрлиги жана анын бөлүктөрү тарабынан алгылыктуу иштер жасалды. Укук тартибин сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыз кылууга, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана башка иш-чаралар өткөрүлдү. Милициянын ишинде көзгө көрүнүктүү оң натыйжаларга жетиштик. Ведомствонун түзүмүн оптималдаштыруу боюнча бир катар чаралар ишке ашырылды, калкка сервистик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, коомдук тартипти сактоо боюнча алдын алуу чаралары күчөтүлдү.

Парламенттин депутаты - милициянын мурдагы тергөөчүсү Айгүл Айдарова ИИМдин жетекчилигин жана укук тартибин тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, эмгек шарттарын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды коомчулуктун алдында терс мүнөздө көрсөтүү үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканы байкалууда. Буга байланыштуу депутат айымды негизсиз сындоодон алыс болуп, калыс позицияны карманууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта

Анда бүгүнкү кырдаалды беш жыл мурдагы шарттарга салыштыра келгенде, Ички иштер министрлигинин жана анын бөлүктөрүнүн ишинде олуттуу өзгөрүүлөр бар экендиги белгиленген.

"Материалдык-техникалык жактан камсыздоо кыйла жакшырды. Үч жылдын ичинде 61 объект курулуп, пайдаланууга берилди. 200 объектте курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштери уюштурулуп, 50 объектте оңдоо иштери улантылууда. Милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда оң натыйжаларга жетишилди. Алсак, укук коргоо чөйрөсүнө санариптик технологияларды киргизүү боюнча бир катар чаралар ишке ашырылды.

Кочкор-Ата шаарында жаранды кармоодогу милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча ИИМдин буйругу менен Жалал-Абад ОИИБинин 13 кызматкерине тартиптик жаза колдонулганын билдиребиз. Облустун ИИБ башчысы ээлеген кызматынан бошотулуп, төмөндөтүү менен башка кызматка дайындалды. Андан сырткары Кочкор-Ата шаарынын тургунун кармоого катышкан кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилет. Ички иштер органдарында тартипти сактоого дайыма көңүл бурулат.
Бишкек шаарындагы Калык Акиев көчөсүндө курулган милиция кызматкерлери үчүн үйдүн курулушу 2017-жылы башталган. Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдында үйдүн курулушу аяктады.

Айгүл Айдарованын ИИМде батир бөлүштүрүү адилетсиз болуп, бир балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир берилгени тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Жалпысынан 2023-жылдын декабрь айында турак жайга муктаж адамдарга 216 батир (1 бөлмөлүү - 72 батир, 2 бөлмөлүү - 90 батир, 3 бөлмөлүү - 54 батир) бөлүнгөн. Үч бөлмөлүү батирлер биринчи кезектүүлүктөгү тизмеде катталып тургандарга, анын ичинен көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге жана кызмат учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилген. Азыркы учурда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан юридикалык жактан документтештирүүсү жыйынтыкталып келе жатат. Андан кийин расмий иш-чаралар жөнүндө сүйлөшсөк болот.

Жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартипти камсыздоо милиция кызматкерлеринин артыкчылыктуу милдети болуп саналат.
Ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди дайыма аткарышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Айгүл Айдарова ички иштер министри Улан Ниязбековду кескин сынга алып, анын отставкасын талап кылган.

Ал министрликте башаламандык көбөйүп кеткенин белгилеп, Башкы прокуратура менен УКМКга кайрылып, Ниязбековдун ишмердигин текшерүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-04-18 18:58:00
Депутат айым статистикага таянып туура эле айткан, сынды туура кабыл алуу керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан