Орусия Таластагы билим берүү мекемелерине компьютер жана робототехника берди

Орусия Талас мамлекеттик университетине 20 ноутбук, "Алтын түйүн" билим берүү мекемесине 20 комплект робототехника берди. Бул тууралуу Кыргыз-Славян жогорку окуу жайынан билдирди.
Маалымдалгандай, Орусиянын президенттик администрациясынын делегациясы Талас облусуна барды. Сапардын жүрүшүндө андагы билим берүү мекемелерине окуу жабдууларын тапшырып, Ржев шаарына жакын жерде курман болгон советтик жоокер Мендеш Өмүралиевдин бейитине гүлчамбар коюшту. Мындан тышкары делегаттар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Араке Арстанбеков менен жолугушту.
"Ошондой эле окуу процесси жана орус тилин үйрөнүү үчүн интерактивдүү такталар, принтерлер, ноутбуктар жана башка заманбап жабдуулар берилди. Белектерди берүү "Альянс Алтын" компаниясынын көмөгү менен ишке ашырылган", - деп жазылат маалыматта.
Делегациянын мүчөлөрү Таласка болгон сапар эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоо үчүн маанилүү кадам экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан