1-апрелден бери дайынсыз болуп издөөгө алынган 21 жаштагы Зебона Тешаева Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 18-апрелде кафелердин биринде иштеп жүргөн жеринен табылып, апасына тапшырылган.
Эске салсак, буга чейин милиция Кара-Суу районунда 2003-жылы туулган Тешаева Зебона Абдурашитовна үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.