Москвада мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча маселелери талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүндө мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүшүнө байланыштуу маселелер талкууланды. Ага өкүлчүлүктүн жетекчиси Жаркынай Галиева жана Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева катышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, Раимбачаева медициналык текшерүүдөн өткөндө Орусиянын аймагына кире турган Кыргыз жарандарынын жугуштуу оорулары аныкталган учурлар бар экенин белгиледи.
Буга байланыштуу Орусияга кирүүгө ниеттенип жаткан кыргызстандыктар арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуунун маанилүүлүгүн айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан