Астанада кыргыз-казак билим берүү тармагындагы маселелер талкууланды

Астана шаарында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Казакстандын агартуу министри Гани Бейсембаевдин жолугушуусу өттү. Бул боюнча Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кечээ, 18-апрелде орун алган жолугушууда тараптар эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Министр Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып, Казакстандын билим берүү долбоорлоруна кызыкдар экендигин билдирди.
“Казакстандын билим берүү системасынын тажрыйбасын өздөштүрүү максатында буга чейин биздин өлкөлөрдүн эки ведомстволук уюмдарынын ортосунда педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча меморандумга кол коюлган. Бүгүнкү жолугушуу кошумча түрткү берип, кызматташуубуздун бардык багыттарын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө пайдалуу чечимдерди кабыл алабыз деп ишенем”, - деди министр.
Коңшу өлкөнүн агартуу министри Бейсембаев эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу демилгесин толугу менен колдой тургандыгын айтты.
“Буга чейинки сүйлөшүүбүздө дүйнөлүк контекстте билим берүү системасын өнүктүрүүнүн айрым аспектилерин талкуулаганбыз. Бул маселеде түшүнүү жана жалпы милдет бар – балдарга билим алуу үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды камсыз кылуу”, - дейт Бейсембаев.
Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ведомство башчылары мектепке чейинки, орто, техникалык жана кесиптик билим берүү тармагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле достук мамиледеги өлкөлөрдүн билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча форумду болжолдуу ушул жылдын июнь айында өткөрүүнү макулдашышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан