Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарына кезектеги туристтик поезд менен Америка, Европа жана түштүк Америкадан жалпы 70тен ашык саякатчылар келишти.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы быйылкы жылы туристтик поезд өлкөгө үчүнчү жолу келип жатканын маалымдады.
Туристтерди тосуп алгууга Бишкек, Балыкчы мэриясынын кызматкерлери жана Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты.
Мындай иш-аракеттер Кыргызстандын популярдуу туристтик аймак катары маанилүүлүгүн көрсөтүп, туризм тармагындагы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.