Эртең, 20-апрелде өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлады.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22… +27,
Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4… +9, күндүз +14…+19,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 16…+21.
Бишкек шаарында түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.