Баткен облустук милициясынын жаңы башчысы өздүк курамга тааныштырылды

Бүгүн, 19-апрелде милициянын полковниги Улан Жукенов Баткен ОИИБинин өздүк курамына тааныштырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган башчыны өздүк курамга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев тааныштырды.

"Жаңы дайындалган жетекчинин алдында бир топ аткара турган иштери турат. Эң башкысы Баткен облусунда жана чек арага жакын аймактарда коомдук тартипти сактоо, кылмыштулуук менен күрөшүү боюнча бир катар тапшырмаларды аткаруусу зарыл”, - деди Абдиев.

Белгилей кетсек, бүгүн министрдин буйругу менен Мурат Боронов Баткен ОИИБинин башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБинин башчысы кызматына дайындалган.

Анын ордуна Улан Жукенов Баткен ОИИБинин башчысы болуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан