Бүгүн, 19-апрелде өлкөдөгү бир нече көзөмөл-өткөрүү пунктарындагы кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет. УКМКнын Чек ара кызматы кабарлагандай, чектөөлөр техникалык жумуштарды аткарууга байланыштуу киргизилди.
Көзөмөл-өткөрүү пункттары төмөнкү убактарда жабылат:
Саат 17:20дан 18:00гө чейин "Токмок-автожол" жана "Кең-Булуң-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайлары;
Саат 18:00дөн 18:30га чейин "Кызыл-Кыя-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайы.