Кыргызстан Орусиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу маалыматты ӨКМ таратты.
Билдирмеге ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет.
20 жүк ташуучу (фура) унаадан турган “Жардам кербени" 20-апрель күнү жолго чыгып, Казакстан аркылуу Орусиянын Оренбург облусуна жеткирүү мерчемделди.
Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалганы маалымдалды.