Ысык-Көлдө 350 орундуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган медициналык мекеме президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулууда.

Маалымдалгандай, долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан