Бүгүн түндө Нарында жер титиреди

Бүгүн, 20-апрелге караган түнү Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 2:29да күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылында 3,5 баллга чейин, Нарын шаары, Эчки-Башы, Куйбышев, Миң-Булак, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Жан-Булак, Оттук, Казан-Куйган, Кеңеш жана Орто-Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан