Мамлекет башчы Орок айылындагы жаңы футбол стадионунун курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн, 20-апрелде мамлекет башчы Садыр Жапаров пландан тышкары Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан жаңы футболдук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Мамлекет башчысына ал жерде 45 миң орундуу футболдук стадиондун долбоорун көрсөтүштү, ошондой эле аталган объекттин башкаларга салыштырмалуу уникалдуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берилди. Архитекторлордун айтымында, архитектуралык стиль жана түс гаммасы Бишкектин жана кыргыз элинин мүнөзүнө жана маданиятына туура келет.
"Жаңы футбол стадиону өлкөнүн борбор калаасынын символдорунун бири болору күтүлүүдө. Ал FIFAнын стандарттарына жооп берет.
Бул ишке Түркия, Кыргызстан жана Улуу Британиядан ондогон инженерлер жана архитекторлор тартылган. Долбоорго ылайык, футбол стадионунун жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзүп, автопарк, техникалык жайлар, соода-оюн-зоок борбору жана башка объектилерди камтыйт", - деп жазылат маалыматта.
Андан соң Садыр Жапаров Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы кичи аренасынын курулуп жаткан жерге барды. Анын курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.
Арена 3 миң көрүүчүнү батыра алат жана кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойноого мүмкүнчүлүк берери айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан