Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарында ата-энесинин камкордугусуз калган 3 айдан 1 жашка чейинки беш бала өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.
Мекеменин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери кыргыз жерине 167 ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган бала кайтарылган.
Иш-чара Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен ишке ашырылган.