Кара-Сууда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ошто жааган жаандын кесепетинен улам пайда болгон сел Папан айыл аймагынын Лаглан айылынын тоосуна баруучу ички чарбалык жолду каптап, жол каттам жабылып, эс алуучулар өтө албай калышкан. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ӨКМден билдиришти.

Ага ылайык, жерине Папан айыл аймагынан 1 МТЗ-80 трактору сел калдыктарын тазалады.

"Кара-Суу районунун аймагында Ош – Ноокат жолунун болжол менен 1-чакырымынан 5-чакырымындагы сел калдыктарын №21 жол тейлөө ишканасынан 1 автогрейдер 22:00дө унаа жолу сел калдыктарынан толук тазаланды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми бүгүн, 22-апрелде селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Кара-Суу райондук ӨКБинин 25 куткаруучусу, 3 мотопомпа, 1 жүктөгүч, 1 камаз, 1 портер жана 1 ассенизатор унаасы менен тартылды.

Мындан тышкары Жарандык коргонуу кызматынан 20, Баш-Булак айыл аймагынан 21 адам, жергиликтүү тургундардан 45 адам, жалпы 111 адам иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан